БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Шаршемби күнү республиканын аймагында жамгыр жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй, Талас өрөөнүндө 27…32 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 30…35 градус, Ысык-Көл менен Нарын облусунда 22…27 градус ысык болот.
Ош шаары менен Бишкекте күн ачык болуп, 34 градуска ысыйт.