Чыныгы эл өкүлдөрү. 1938-жылы шайлоочулар депутаттарды мажоритардык система менен тандаган. Тагыраагы, жергиликтүү эл өздөрүнүн талапкерлерин сунуштай алган. Ал маалда мыйзам чыгаруу жана көзөмөлдөө органында иштейм дегендердин арасында акчалуулар гана эмес, калк ичинде кадыр-баркка ээ болгон саанчы, малчы жана шахтерлор чыккан. Мисалга Социалисттик эмгектин баатырлары, кызылчачы Зууракан Кайназарова менен Керимбүбү Шопокова бир нече чакырылыштын депутаты болгон.
Квота. Союз маалында шайлана турган эл өкүлдөрүнүн жалпы курамына дагы талаптар болгон. Алардын үчтөн бир бөлүгү аялдар, төрттөн бир бөлүгү интеллигенция өкүлдөрү жана 40 пайызы жумушчулардан болуусу каралган. Бул квотанын аркасында депутаттар ар кайсы тармактардан жана калктын түрдүү катмарынан чыккан. Азыр болсо, 15 пайыздан көбү жаштар, 70 пайыздан көбү бир жыныстын өкүлдөрү болбошу керек.
Саны. 1938-жылы 284 депутат шайланган. Кийин 70-жылдары алардын саны 350гө чейин жетип, беш жыл иштешкен. Ал эми учурда парламентте алты саясий партиядан 120 эл өкүлү эмгектенет.
Айлык түшүнө кирбеген эл өкүлдөрү. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттарына айлык маяна, кызматтык автоунаа, батир берилген эмес. Ошондой эле эл өкүлдөрүнүн жардамчылары дагы жок болгон. Мындай жагдай союз тараганга чейин сакталган. Азыркы депутаттар бирден консультант эрчитип, эмгек тажрыйбасына, илимий даражасына жараша 25 миң сомдон өйдө айлык маяна алат. Андан сырткары, 15 депутат кызматтык батирлерде жашап, төрага мамлекет тарабынан берилген жеңил унааны колдонуп келет.
Депутаттардын жоопкерчилиги. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттары кылмыш жоокерчилигине жана административдик айыпка өлкөнүн Жогорку Советтин макулдугу менен гана тартылган. Учурда эл өкүлдөрү өзгөчө оор кылмышка шектелгенде Жогорку Кеңештин уруксаты талап кылынбайт.