БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын туристтик брендин иштеп чыгуу боюнча вице-мэр Айгүл Рыскулова башында турган жыйын өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
"Бренд шаарга туристтерди жана инвестиция тартууга шарт түзөт. Ал бренддин аркасы менен түрдүү товарларды жана кызматтарды жарнамалап, Бишкекти белгилүү кылууга болот", – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле өлкөнү, шаарды жана аймактарды бренддөө өнүккөн мамлекеттерде кенен колдонулуп келерин мэриядан баса белгилешкен. Азыр Нарын облусунун бренди бар. Андан сырткары, Ысык-Көл менен Ош облустарынын бренди жасалууда.