БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда жөө адамдар өтүүчү сызыктан өтүп бара жаткан кызды унаа коюп кеткендиги тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына күбө билдирди.
Анын айтымында, окуя бүгүн, 27-июнда, саат 10.00дөр чамасында Абдрахманов менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Жөө адамдар өтүүчү чийинден өтүп бара жаткан кызды Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаа сүзүп кетти. Айдоочу унааны токтотууга жетишпей калды. Балким айдоочу дагы, кыз дагы сызыктын жанына токтоп алып, эл салып жаткан автобустан улам бири-бирин байкабай калгандыр", — деди күбө.
Кайгуул милициясынан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиргенине караганда, жабырлануучу кырсыктан кийин өзүнө келген эмес.
Ал эми Бишкек шаарынын травматология жана ортопедия борборунан билдиришкендей, башынан жаракат алган 21 жаштагы кыз учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, сүрөт, видео тартсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин 0706 566 544 WhatsApp номерине билдириңиз.