https://sputnik.kg/20170627/suzaktagy-korustondu-kochuruu-1034032478.html
Сууга аккан сөөктөр. Сузактагы көрүстөн коопсуз жайга көчүрүлүп жатат
Сууга аккан сөөктөр. Сузактагы көрүстөн коопсуз жайга көчүрүлүп жатат
Sputnik Кыргызстан
Cузак районуна караштуу Акчалуу айылындагы көрүстөндү суу жеп жаткандыктан, андагы сөөктөр коопсуз жерге көчүрүлө баштаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин... 27.06.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-06-27T18:56+0600
2017-06-27T18:56+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103403/26/1034032679_0:0:1272:720_1920x0_80_0_0_42132cfafd0d2bff9c5e2b03d41fa0e5.jpg
сузак району
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Сууга аккан сөөктөр. Сузактагы көрүстөн коопсуз жайга көчүрүлүп жатат
Sputnik Кыргызстан
Cузак районуна караштуу Акчалуу айылындагы көрүстөндү суу жеп жаткандыктан, андагы сөөктөр коопсуз жерге көчүрүлө баштаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ӨКМдин Сузак райондук бөлүмүнүн башчысы Акылбек Төрөкулов билдирди.
2017-06-27T18:56+0600
true
PT2M41S
https://sputnik.kg/img/103403/26/1034032679_0:0:1144:720_1920x0_80_0_0_21c70220377f61e9df22515fd3815352.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мультимедиа, коом, видео, жаңылыктар, сузак району, өкм
кыргызстан, мультимедиа, коом, видео, жаңылыктар, сузак району, өкм
Сууга аккан сөөктөр. Сузактагы көрүстөн коопсуз жайга көчүрүлүп жатат
18:56 27.06.2017 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Cузак районуна караштуу Акчалуу айылындагы көрүстөндү суу жеп жаткандыктан, андагы сөөктөр коопсуз жерге көчүрүлө баштаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ӨКМдин Сузак райондук бөлүмүнүн башчысы Акылбек Төрөкулов билдирди.
Маалыматка караганда, ал жерге көмүлгөн 2 миңдей сөөктүн 715и башка жерге которулду.
"300 жылдык тарыхы бар "Акчалуу" көрүстөнүн тез арада көчүрүү ишин ӨКМ колго алды. Ал үчүн тендер да жарыяланган. Аны жеңип чыккан "Каскат" жоопкерчилиги чектелген ишканасы сөөктөрдү казып алып, башка жакка көчүрүүдө", — деди Төрөкулов.
Ата-бабалардын сөөгү сууга аккандан көрө, коопсуз жайга көчүрүлүп жатканына айылдыктар ыраазы экенин жергиликтүү тургун Маматали Жоробаев билдирди.
Ал эми көчүрүү иштерин аткарып жаткан "Каскат" ишканасынын жетекчиси Кулбураковдун айтымында, сөөктөрдүн ордун которууда бардык коопсуздук техникалары каралып жатат.
Эки бөлүнгөн сайдын ортосунда жайгашкан мүрзөлөр сууга жуулуп кетип жаткандыктан, айыл эли көрүстөндүн ордун которуп берүү суранычы менен 2016-жылы ӨКМге кайрылган.