БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Мектеп окуучулары арасындагы республикалык олимпиадада Ош облусунун сегиз окуучусу алдыңкы орундарды ээледи. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, республикалык олимпиадага Оштон 35 окуучу катышып, үчөө биринчи, бирөө экинчи, төртөө үчүнчү орунга ээ болгон.
Алдыңкы орундарды камсыздаган окуучуларды бүгүн, 27-июнда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов кабыл алып ардак грамота жана акчалай сыйлактарды тапшырды.
Ошондой эле ал үч окуучунун биринчи орунду алышы облустун көп жылдык рекордун жаңылаганын белгилеп, ыраазычылык билдирүү менен бирге аларды ар дайым колдоого алууну убадалаган.