БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Баланы 1-класска киргизүүдөгү төлөм жоюлганы менен мектептердин ата-энелерден ыктыярдуу төлөм кабыл алуусу ошол бойдон калтырылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди.
Буга ылайык, аталган буйрукту аткарбаган мектеп директорлору жоопко тартылып, ээлеген кызматынан да бошотулары айтылган.
Абдылдаеванын айтымында, аталган документте 1-класска кабыл алынып же мектеп которуп жаткан окуучулар үчүн төлөм тууралуу айтылган.
"Мектепке жаңы кирип жаткан окуучунун ата-энесинен жардам иретинде акча алууга тыюу салуунун негизги максаты — мектеп жашына жеткен бардык балдарды окууга тартуу. Анткени бир дагы баланын мектепке киришине ата-эне, мектеп жана башка органдар тарабынан моралдык дагы, материалдык дагы тоскоолдук болбошу керек", — деди Абдылдаева.
Ал эми банктарда ата-энелердин ыктыярдуу төлөмдөрү үчүн ачылган эсептер жабылбай турганы белгилүү болду.
"Анткени мектептер өз каалоосу менен кол кабыш кылган ата-энелердин жардамына муктаж", — деди министрликтин өкүлү.
Баланы окууга кабыл алууда мектеп директору акча талап кылса, ата-энелер Бишкек мэриясына, Билим берүү министрлигине жана укук коргоо органдарына арыз менен кайрылууга укуктуу.