Садыбакасов: мектептерде өрттүн алдын алуу боюнча семинарлар уюштурулууда
Мектептерде өрттүн алдын алуу боюнча семинарлар уюштурулууда. Бул тууралуу ӨКМдин алдындагы Өрттүн алдын алуу башкармалыгынын улук инспектору Бакыт Садыбакасов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, окуучуларга эрежелер ар кыл оюндар аркылуу түшүндүрүлөт.
"Тилсиз жоонун алдын алуу максатында мамлекеттик кызматкелер, студенттер жана мектеп окуучулары арасында лекция, семинарлар уюштурулуп келет. Анда өрт учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери түшүндүрүлөт", — деди Садыбакасов.
Ал мектеп окуучулары арасында сынактар да уюштуруларын кошумчалады.