БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Электрондук жана почта байланышы жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзамга ылайык, эгер уюлдук операторду алмаштырганда мурдагы номерди сактап калууга болмок. Документ 2015-жылы мартта кабыл алынган жана 2016-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек.
Бирок, мамлекеттик байланыш агенттиги документтер маалында даярдалбагандыктан жана техникалык маселелерден улам мыйзам күчүнө кирген эмес.
Киргизилген толуктоолорго ылайык, мыйзам эми 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.