https://sputnik.kg/20170502/bmw-ulgusundogu-unaanyn-ajdoochusu-karmaldy-1033182381.html
Окуучуну сүзүп кете жаздаган айдоочу: мен кош бойлуу келин менен бараткам
Окуучуну сүзүп кете жаздаган айдоочу: мен кош бойлуу келин менен бараткам
Sputnik Кыргызстан
Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгынан билдиришкендей, жол эрежесин бузууга шектелген 28 жаштагы унаа ээси бүгүн, 2-майда кармалды. 02.05.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-05-02T16:10+0600
2017-05-02T16:10+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103318/33/1033183345_0:18:1427:825_1920x0_80_0_0_1e2b73c1c22c6d1f4602db7a17cc16d7.jpg
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103318/33/1033183345_0:0:1427:896_1920x0_80_0_0_81936d1654c6a082669334b02a3ca930.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, коом, жаңылыктар, бишкек, кайгуул милициясы, кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары
кыргызстан, коом, жаңылыктар, бишкек, кайгуул милициясы, кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары
Окуучуну сүзүп кете жаздаган айдоочу: мен кош бойлуу келин менен бараткам
16:10 02.05.2017 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгынан билдиришкендей, жол эрежесин бузууга шектелген 28 жаштагы унаа ээси бүгүн, 2-майда кармалды.
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Борбор калаада эркек киши менен жаш кызды сүзүп кете жаздаган BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу колго түшүрүлгөнүн Бишкек шаардык Кайгуул милиция башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Буга чейин социалдык түйүндөрдө окуучу жана эркек адамды катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа аз жерден сүзүп кете жаздаган видео чыккан. Белгилүү болгондой айдоочу жол эрежесин бузуп, жол чырактын кызыл белгисинен өтүп кеткен. Бул окуядан кийин ага издөө жарыяланган.
Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгынан билдиришкендей, жол эрежесин бузууга шектелген 28 жаштагы унаа ээси бүгүн, 2-майда кармалган.
Айдоочу мындай кадамын кош бойлуу келинди төрөтканага шашылыш түрдө алып баратканы менен түшүндүргөн.
Учурда Кайгуул милициясы кырсыктын себептерин териштирүүдө.