БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Дача айылындагы учак кулаган жерге үйлөр салынбайт. Жабыр тарткан тургундарга жаңы турак-жай сатып алууга жардам берилет. Мындай пикирин биринчи вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
14-мартта Дача айылынын тургундары компенсация жана элди башка жакка көчүрүү талабы менен митингге чыгышкан.
"Жабыр тарткандар үчүн Дача айылына үй салынбайт. Аларды турак-жайлуу кылууга көмөк көрсөтөбүз. Үй сатып алууга жардам берип же акчасын беребиз. Көпчүлүгү акчаны бергиле деп жатышат. Учурда түрк авиакомпаниясынын жардамы жана элден чогулган каражат бар", — деди Абулгазиев.
Абулгазиев ошондой эле бардык маселе боюнча өкмөт комплекстүү чара көрөрүн кошумчалады. Анын ичинде Дача айылына статус берүү же бербөө маселеси да бар.
Эске салсак, быйыл 16-январдын таңында Дача айылына түркиялык ACT компаниясына таандык жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулап, 39 адамдын өмүрүн алган. Кырсыктын чоо-жайы мамлекеттер аралык авиациялык комитет иликтеп жатат.