Ту-154 учагынын биринчи кара ящигин алып чыгышты

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүТу-154 учагы кыйраган жердеги издөө иштери
Ту-154 учагы кыйраган жердеги издөө иштери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвадан Сирияга 25-декабрда учкан Ту-154 учагы Кара деңизге кулап түшкөн. Анын ичинде 92 киши болгон.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Кара деңизге кулаган Ту-154 учагынын биринчи кара ящиги суудан алынып чыкканын РИА Новости Россиянын күч түзүмүндөгү ишенимдүү булагына таянуу менен билдирди.

"Саат 8:48де биринчи кара ящикти таап алып чыгышты", — деп булак маалымдаган.

Буга чейин учактын куйругу табылганы айтылган. Учактын бул бөлүгүндө кара ящик орун алган. Учурда куткаруучулар табылган тетиктерди жээкке алып чыгууда.

Поисково-спасательные работы у побережья Черного моря, где потерпел крушение самолет Минобороны РФ Ту-154. - Sputnik Кыргызстан
Россиянын Ту-154 учагы кантип кыйраганын күбө айтып берди
Кара ящикке жазылып калган маалыматтар кырсыктын келип чыгуу себебин аныктаганга жардам берет. 

Эске салсак, 25-декабрда Москвадан Сирияга учкан Ту-154 учагы Кара деңизге кулап түшкөн. Анын ичинде 92 киши болгон.

Кырсыктын себеби катары азырынча анын кыймылдаткычына башка нерселердин урунушу, сапатсыз май, учкучтун катачылыгы жана учактын техникалык мүчүлүштүгү айтылууда.

Россиянын Кыргызстандагы элчилигине Бишкектин тургундары гүл алып барып, көңүл айтууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0