Үч баласын 82 миң сомго саткан эне 12 жылга соттолду

Жазылуу
Балдар учурда туугандарыныкында жашап жатышат.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Сокулук районунун Асыл-Баш айылында балдарын 82 миң сомго саткан аял 12 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Чүй ОИИБ маалымат кызматынын өкүлү Нурбек Токтосунов билдирди. 

Февраль айында Асыл-Баш айылынын тургуну Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып, 2014-жылы анын аялы жашы жете элек эки баласын бейтааныш кишилерге 80 миң сомго сатып жибергенин Башкы прокуратура кабарлаган.

"Мындан сырткары 2015-жылы январь айында жаңы төрөлгөн кызын Чүй облустук төрөт үйүнүн акушерлерине эки миң сомго соодалаган. Жашы жете элек балдарга туулгандыгы тууралуу жаңы күбөлүк берилген", — деп жазылат маалыматта. 

Кылмышка шектелген аял кылмышы үчүн 12 жылга эркинен ажыратылды.

"Ал эми балдары учурда туугандарыныкында", — деп айтты Токтосунов.

Сокулук райондук ИИБдин тергөө бөлүмү аялга карата Кылмыш жаза кодексинин 124-беренеси ("Адам сатуу") боюнча кылмыш иши козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0