Эртең Кыргызстанда кар жаайт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүДарактагы кар. Архив
Дарактагы кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорундо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. 16-17-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматтарга ылайык, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорундо жаан-чачын катуу жаайт.

Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0