Бажы кызматкери дөңгөлөк алдында калган айдоочуну сактап калды

© flickr.com / Andrew JohnsonЖүк ташуучу автоунаанын дөңгөлөгү. Архивдик сүрөт
Жүк ташуучу автоунаанын дөңгөлөгү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош бажы кызматынын ага лейтенанты Мирбек Турдубаев эс-учун жоготкон айдоочуну өлүмдөн алып калды.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бажы кызматкери айдоочунун өлүмдөн арачалап калганын аталган кызмат билдирди. 

© Фото / пресс-служба ГТС КРСотрудник таможенной службы Мирбек Турдубаев
Сотрудник таможенной службы Мирбек Турдубаев - Sputnik Кыргызстан
Сотрудник таможенной службы Мирбек Турдубаев

Куткаруу кызматынын жетекчиси Артур Эрназаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Куткаруучу: аялдын үзүлүп калган бутун көрүп өзүбүздү жоготуп койдук
Маалыматка ылайык, Сыргабек Шамшиев үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрь күнү саат 15:00дө "Эркеч-Там" өткөрүү пунктуна өзүнүн жүк ташуучу автоунасы менен келип, текшерүүчү жайга жеткен учурда оорудан улам эс-учун жоготуп, автоунаасын толук өчүрбөстөн эшикти ачкан бойдон кулап түшкөн. 

Андан соң автоунаа өз алдынча жыла баштаган, ошол учурда Бажы кызматынын ага лейтенанты Мирбек Турдубаев автоунаанын арткы дөңгөлөк алдында калган Шамшиевди тартып чыккан. 

Аталган окуя тууралуу Шамшиев Ош бажы кызматына кат жазып, Турдубаевге ыраазычылыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0