БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстандык активист Азамат Жаналиев Россиянын Санкт-Петербург шаарында Петр Биринчинин портретин мык жана жип менен (стринг арт ыкмасы) тартты. Бул тууралуу автор өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында портретти беш күндө тартып бүткөн.
"Азырынча тарткан сүрөтүмдү бул жактагы музейлерге тапшыр деген көп сунуштар болуп жатат. Дем алыш күндөрү болуп калгандыктан музейлер менен сүйлөшүүлөрдү дүйшөмбү күнү жүргүзөм", — деди ал.
Жаналиев учурда Санкт-Петербургда жашаган мекендештердин үйүндө убактылуу жашап жатканын, кийинки сапары Түркияга болорун айтты.
"Эми Түркиянын Анкара шаарындагы мекендештердин чакыруусу менен ал жакка барсамбы деп жатам. Түркиянын негиздөөчүсү деп аталган Ататүрктүн сүрөтүн дагы стринг арт ыкмасы менен тартсам деп пландап жатам", — деди ал.
Андан кийин Дубайга сапар алууну пландагандыгын кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин Жаналиаев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн тарткан. Ошондой эле Чеченстандын биринчи президенти Ахмад Кадыровдун сүрөтүн тартып, аны азыркы президент Рамзан Кадыровго тапшырууну пландаган. Бирок, түрдүү себептерден улам ал сүрөтүн Рамзан Кадыровдун өзүнө тапшыра элек.