Калифорния тургуну террорчуларга кошулам деп 30 жылга түрмөгө кесилди

© AFP / AHMAD AL-RUBAYE"Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөсү. Архивдик сүрөт
Ислам мамлекети террордук уюмунун мүчөсү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын баштыгынан АКШнын Коргоо министрлигинин "атыла турган" кызматкерлеринин аты-жөнү, даректери тизмеленген диск табылган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Америкадагы Калифорния штатынын тургуну "Ислам мамлекети" террордук уюмуна мүчө болом деп 30 жылга эркинен ажыратылды. Бул туурасында РИА Новости Рейтерге шилтеме берип кабарлады. 

Пентагондун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Пентагон: "Ислам мамлекети" Иракта химиялык курал колдонушу мүмкүн
Америкалык жаран мындан сырткары, Сирияга кетүү үчүн банкты алдап билет сатып алып, сапарга камынган.

25 жаштагы Надер Эльхузауил мындан сырткары, террорчуларга материалдык жардам алып барып берүүгө жасаган аракети үчүн да күнөөлөнүп жатат. Аны былтыр Америкадан Түркияга сапар алган учактан кармап калышкан. Атайын кызмат анын Түркиядан Сирияга кетүү ниети бар экенин аныктап чыккан.

Эльхузауилдин жүгүнөн "Ислам мамлекетинин" башкаларды жазалап жаткандагы сүрөттөрү жана АКШнын Коргоо министрлигинин "атыла турган" кызматкерлеринин аты-жөнү, даректери бар тизме жазылган диск табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0