Ала салган маршруткадан жабыркагандардын экөө реанимацияда

© Sputnik / Актан ТемиркановДТП на проспекте Шабдан Баатыра в Бишкеке
ДТП на проспекте Шабдан Баатыра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
21-сентябрда кечинде Шабдан баатыр көчөсүндө жол кырсыгы катталып, жүргүнчү ташыган автоунаа ала салып кеткен.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Ала салган маршруткадан жабыркагандардын тогузу №4 ооруканага расмий кайрылганын оорукананын нөөмөт бөлүмүнөн билдиришти. Ал эми ИИМдин өкүлүнүн айтымында эки жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө.

Бишкекте маршруттук такси ала салып, жети киши жабыркады - Sputnik Кыргызстан
Үрөй учурган жол кырсыгы. Бишкекте жүргүнчү ташыган маршрутка ала салды
Белгилей кетсек, 21-сентябрда кечинде Шабдан баатыр көчөсүндө жол кырсыгы катталып, жүргүнчү ташыган автоунаа ала салып кеткен. Күбөлөрдүн айтымында, ал Шабдан баатыр көчөсү менен ылдый келе жатып, айдоочусу рулду башкара албай калгандыктан капталына жыгылып, 50-60 метрдей сүрүлүп барган. Тез жардам кызматынын машинасы жети кишини алып кетип, милиция кызматкерлери аталган аймакты курчоого алган. Бир нече убакыттан кийин жол кырсыгына кабылган маршруттук таксини эвакуатор менен алып кетишкен.

№4 ооруканадан маалымдашкандай азыр жаракат алгандарды рентгенге тартуу иштери жүрүп жатат.

Ал эми ИИМдин өкүлүнүн айтымында, ооруканага кайрылган тогуз кишинин экөө кайта жандандыруу бөлүмүндө жатат. 

Жол кырсыгы болгон жерден тартылган кадрларды Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0