Багдадда 12 кишинин өмүрүн алган эки жардырууну ИМ моюндады

© REUTERS / AHMED SAADБагдаддын соода борборунун жанындагы болгон эки жардыруу
Багдаддын соода борборунун жанындагы болгон эки жардыруу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дагы 40 адамдын жарадар болгону айтылууда. Окуя Нефть министрлигинин жанындагы ири соода борборунун жанында болгон.

БИШКЕК,10-сен. —Sputnik. Багдаддын соода борборунун жанындагы болгон эки жардыруунун жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук тобу моюндаганын Рейтер агенттигине таянуу менен РИА Новости билдирди.

Кытай элчилигиндеги жардыруу - Sputnik Кыргызстан
Кытай элчилигиндеги жардыруу: террорчулук боюнча издөөгө алынган жаран үн катты
Жума күнү ичинде жардыруучу зат толтурулган унаа шаардын чыгышында жайгашкан Нефть министрлигинин жанындагы ири соода борборунун жанынан жарылса, дагы бир жардыруу дүкөндүн унаа токтотуучу жайында ишке ашкан. 

Медициналык кызмат менен полициянын маалыматы боюнча жардыруудан 12 киши каза болуп, дагы 40 адам ар кандай жаракат алган. 

Эскерте кетсек, Иракта республиканын бир бөлүгүн ээлеп алган "Ислам мамлекети" террордук тобунан улам оор абал өкүм сүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0