ДКО: жирит оюну боюнча биринчи орунду КР менен Түркия бөлүп алды

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөндөр оюндарында Кыргызстан менен Түркиянын командалары жирит оюнунда
Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан менен Түркиянын командалары жирит оюнунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жирит — ат үстүнөн найза ыргытуу боюнча мелдеш. Турнирге эки мамлекеттин өкүлдөрү катышты.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан менен Түркиянын командалары жирит — ат үстүндө найза ыргытуу боюнча алтын медаль алганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Кырчын: көзгө атар мергендердин мелдеши өттү - Sputnik Кыргызстан
Кырчын: көзгө атар мергендердин мелдеши өттү
Мелдешке эки мамлекеттин жетиден спортчулары катышты. Биринчи таймда эки команда тең 30дан упай алган. Экинчи тайм дагы тең чыгуу менен аяктап, 50 упайдан топтошту.

Оюнга көз салган калыстар эки командага тең алтын берүүнү чечишкен. Медалдан тышкары командаларга 250 миң сомдон акчалай сыйлык берилди.

Жирит түрк элинин салттуу ат спортунун түрү болуп саналат. 

Ушул күндөрү Ысык-Көлдө өтүп жаткан Көчмөндөр оюндары 8-сентябрда жыйынтыкталат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0