Түркия "Ислам мамлекетине" тиешеси бар делген шек менен 6 миң адамды кармады

© AFP / OZAN KOSEТүркиянын полиция кызматкери. Архив
Түркиянын полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анкара Түркияда террордукка шектелип 2200 чет элдик жаран полициянын көзүнө илингенин билдирди.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Түрк бийлиги "Ислам мамлекетине" тиешеси бар делген шек менен 5803 адамды кармап, 815ин камакка алды. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. 

Маалыматты Түркиянын ички иштер министри Эфкан Ала билдирген. 

"Түркияда Сирия чыр-чатагы башталгандан тарта "Ислам мамлекети" террордук уюмуна тиешеси бар деген шек менен 5803 адамды кармалса, алардын 2200ү чет элдиктер болуп чыкты", — деп айткан ал. 

Министр эл аралык терроризмге каршы күрөштүн алкагында 52075 адамга өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0