Үч жума ичинде Кыргызстан Казакстанга 200 млн. кВт саат энергия экспорттойт

Жазылуу
Электр энергиясын сатуу товар алмашуунун алкагында ишке ашкан. Күзүндө Казакстан алган экспортту толук көлөмдө кайтарып берет.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. 4-августтан тарта Кыргызстан Казакстанга электр энергиясын жеткире баштаганын "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКтын маалымат кызматы билдирди. Кыргыз-казак өкмөттөр аралык келишим буга чейин эле түзүлгөн.

"4-августтан 25-августка чейин 200 миллион киловатт-саат беребиз. Казак тарап ушул эле көлөмдү 15-сентябрдан 10-ноябрга чейин бизге кайта берет. Бүгүнкү күнү 50 миллиондой киловатт саат экспорттолду", — деп айтылат маалыматта.

Мындай режимде Үч-Коргон ГЭСинен секундасына 350 куб метр суу казак фермерлерине берилүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0