Банкрот болгон банктар аманатчыларга 200 миң сомдон бермей болду

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүВывеска банка. Архив
Вывеска банка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин компенсациянын көлөмү 100 миң сомду түзүп келген.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Банк аманаттарын коргоо жөнүндө" мыйзамына кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку кеңеш тарабынан 2016-жылдын 22-июнунда кабыл алынып, президентке жиберилген. 

"Кампенсациянын көлөмү эки эсеге көбөйтүлүп 100 миңден 200 миң сомго чейин көтөрүлдү", — деп айтылат мыйзамда. 

Аталган мыйзам президент кол койгондон тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0