Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында катуу жаан жаайт

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн кыз. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 28-31-июль күндөрү өлкө боюнча катуу жааган жаандан улам сел жүрүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, бул күндөрү айрым жерлерде нөшөрлөп жамгыр жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

"Мындан улам абанын температурасы төмөндөйт. Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат", — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМ күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү мүмкүндүгү күч экенин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0