Ат-Башыга барган турист аттан кулап жаракат алды

Жазылуу
Окуя болгон жерге эки куткаруучу менен дарыгер тез жардам унаасы менен жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районуна барган 15 туристтин бири аттан кулап жаракат алгандыгы тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда 20-июль күнү Бишкектеги туристтик компания аркылуу 15 турист Ат-Башыга жөнөшкөн. Ал жактан Кызыл-Туу айылынан аттарды минишип Кара-Тоо, Бото тоолору менен Көк-Булак, Ак-Кыя жана Кара-Гүп жайыттарына бет алышкан. 

"Саякат учурунда Швейцариянын жараны Сабина Хослер Голустер аттан кулап жаракат алган. Учурда анын абалы жакшы. Анын туристтик компаниядан алган камсыздандыруу пакети бар", — деп айтылат маалыматта.

Жаракат алган туристти кырсык болгон жерден алып кетүү үчүн унаа же тик учак суралып жатат. Алар учурда Кара-Гүп жайытынан беш, Ат-Башыдан 150 чакырым алыстыктагы капчыгайда отурушат.

Окуя болгон жерге эки куткаруучу менен дарыгер тез жардам унаасы менен жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0