Кыргыз — тажик чек арасында күчү 4 баллга жеткен жер силкинүү катталды

© AFP / FREDERICK FLORINСейсмология. Архив
Сейсмология. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыр тарткандар жок.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргыз — тажик чек арасында күчү 4 баллга жеткен жер силкинүү катталганын ӨКМ билдирди. 

Маалыматка ылайык жердин силкинүүсү саат 14:10до катталган. Анын эпицентри Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта жана Кара-Киндик айылынан түштүк-батышты карай 28 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Зилзала күчү Бор-Дөбө айылында 3 балл, Кара-Киндик айылында 2 баллга жеткен. 

Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыр тарткандар жок.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik инфографикасынан окуңуз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0