Шейшембиде өлкө боюнча күн ачык болот

© AP Photo / Petros GiannakourisПаркта эс алгандар. Архив
Паркта эс алгандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 18-июл.— Sputnik. Эртең, 19-июлда өлкө боюнча күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.

Последствия сильного града в городе Балыкчи - Sputnik Кыргызстан
Жайдын ортосунда Балыкчы шаарында мөндүр жаады
Бишкек менен Ошто жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 17…19 градус жылуу болсо, күндүз 30…32 градуска чейин ысыйт. Ал эми Ош шаарында түнкүсүн 18…20 градус жылуу болсо, күндүз күн 30…32 градуска чейин көтөрүлөт.

Кыргызгидромет 19-20-июль күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталарын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0