Кыргыз ТИМи Анкара, Стамбулдагы жарандар үчүн атайын телефон линияларын ачты

Жазылуу
Кыргыз ТИМи Түркиядагы төңкөрүштөн жабыр тарткан мекендештердин бар, жогун тактап жатат.

БИШКЕК, 16-июл. —Sputnik. Түркияда болуп жаткан саясий абалга байланыштуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги аталган окуядан жабыр тарткан кыргызстандык жарандардын бар-жогун тактап жатат. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Түркиядагы окуяларга байланыштуу КР Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Түркияга барбай туруусун айтат. Ал эми Түркияда жашап жаткан мекендештерди кыраакы болуп, эл көп чогулган жерлерге барбай туруусун сунуштайт",— деп билдирди аталган ведомствонун маалымат кызматы.

Мындан сырткары зарылчылык жаралбаса, үйдөн сырткары чыкпоону да эскертти.

Түркиядагы абалга байланыштуу ТИМдин Консулдук департаменти атайын байланыш үчүн телефондорун жарыялады.

Маалымат алуу туурасында Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин жана Стамбулдагы Башкы консулдуктун, Бишкек шаарындагы төмөнкү телефон номурларына кайрылууну билдирди.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин тел.: 00905447788545 же 00905467799445.

Стамбулдагы Башкы консулдуктун тел.: 00905332048643 же 00905321310523;

Бишкекте 0 312 66 34 05 (ички номур 119); 0556 007232, 0557 710535

Жума күнү Түркиянын жетекчилиги аскерий төңкөрүш жасоого аракеттер болгонун жарыялады. Президент Режеп Тайип Эрдоган өтө чоң эмес топтон түзүлгөн козголоңчулар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери экенин айтып, жарандардын бардыгын сыртка чыгууга үндөдү. Өлкөнүн өкмөт башчысы Бинали Йылдырым төңкөрүштү теракт деп атоо менен өкмөт өз ишин улантып жатканын баса белгиледи.  

Ал эми төңкөрүшкө чыккан Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы бийлик алардын колуна өткөндүгүн билдирип, түрк элинин башчылары бийликтен четтетилгенин жарыялашкан. Алар мындай кадамын конституциялык тартипти орнотуу жана жарандардын эркиндиги менен укуктарын калыбына келтирүү максатында жасап жатышканы менен түшүндүрүшкөн. 

 Түркиянын мамлекеттик TRT телеканалы жаңы Конституция жакынкы аралыкта даяр болорун жарыялаган. Ал эми өлкө учурда "Тынчтык кеңешинин" башкаруусунда болуп, дини, тили, расасына карабастан бардык жарандардын коопсуздугу корголо тургандыгы жарыяланды. Парламент болсо кезексиз жыйынга ишемби күнү чогулмай болду.  

Түркиянын президенти Тайип Эрдоган козголоңчуларды жазалоого убада берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0