ЖК комитети референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жазылуу
Аталган маселе эртең, 30-июнь күнү Жогорку Кеңештин отурумунда каралат.

БИШКЕК, 29-июн. – Sputnik. ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган комитет билдирди. 

Өзгөртүүлөргө ылайык, референдум өткөрүү боюнча демилгечилердин курамы өзгөргөн.

Ага ылайык, чогултулушу керек болгон 300 миң кол 10 миңге азайтылып, демилге көтөрүү укугуна мындан ары президент эмес, өкмөт ээ болот. 

Аталган маселе эртең, 30-июнь күнү Жогорку Кеңештин отурумунда каралат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0