Ишембиде өлкө аймагында күн ачык болот

Жазылуу
27-28-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 24-июн.— Sputnik. Эртең, 25-июнда өлкө боюнча күн ачык боло турганын Кыргызгидромет билдирди. 

Фонтанда ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйылкы май айы тарыхтагы эң аптаптуу ай болду
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкекте күн ачык болуп, абанын температурасы түнкүсүн 14…16 градус, күндүз 30…32 градус жылуу болот.

Ош шаарында да жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17 градус, күндүз 31…33 градуска чейин жогорулайт.

27-28-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0