Улуттук банктын төрагасы: мурунку айлыгым 5 миң доллар эле, азыр 120 миң сом алам

Жазылуу
Депутат Рыскелди Момбеков Улуттук банктын төрагасы Толкун Абдыгуловду көп маяна алуудан уялбайсызбы деп бурчка такады.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Улуттук банктын (УБ) төрагасы Толкун Абдыгулов депутаттын суроосуна жооп берип жатып, буга чейин дүйнөлүк банкта иштеп турганда 5 миң доллар маяна алып турганын билдирди.

Эске сала кетсек, учурда Жогорку Кеңеш УБнын 2015-жылдагы отчетун угуп жатат. 

Сөз кезегин алган депутат Рыскелди Момбеков төрагынын маянасына кызыкты.

"Көп маяна аласыз. Сиз эмне президенттен да көп иштейсизби? Ошол айлык үчүн уялбайсызбы?" — деди Момбеков.

Абдыгулов эки мисал келтирип, жыйынтыкты өзүңүз чыгарып алыңыз деп жооп узатты.

"Мени бул кызматка атайын чакырышкан. Мурунку айлыгым 5 миң доллар эле. Учурда УБ төрагасы катары 120 миң сом алам. Орун басарларым 108 миң сомдон алат. Эми уялышым керекпи, жокпу өзүңүз жыйынтык чыгарыңыз", — деди УБ төрагасы.

Учурда жыйын уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0