Бейшемби күнү өлкө боюнча мезгил-мезгили менен жаан жаайт

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн аял. Архив
Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Эртең Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Көлмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Июндун башынан бери Кыргызстанда 6 киши сууга чөгүп кеткен
Бишкек менен Ош шаарларында өткүн өтүп, күн жаайт. Бишкекте түнкүсүн 17…19 градус, күндүз 24…26 градуска чейин жылуу болсо, Ошто абанын температурасы түнкүсүн 17…19 градус, ал эми күндүз 28…30 градуска чейин көтөрүлөт.

Кыргызгидромет 16-17-июнь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөрүн эскертет. Мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаап, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0