ӨКМ: флягага түшүп кеткен 6 жашар кыз кайра чыга албай калган

© Sputnik / Табылды КадырбековФлягага суу алып бара жаткан айыл жашоочусу. Архив
Флягага суу алып бара жаткан айыл жашоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 13-июнь күнү саат Москва районундагы Садовое айылында болгон.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Алты жаштагы кыз флягадагы суу менен ойноп жатып ичине түшүп, чыга албай калган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Окуя 13-июнь күнү саат 12.45 чамасында Москва районундагы Садовое айылында болгон. 

Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун адистери атайын шаймандардын жардамы менен фляганы кесип, ичинен кызды чыгарып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0