Ысык-Көлдө Түрк кеңешинин III саммити башталды

© Фото / Владислав УшаковЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын жүрүшүндө КР туристтик ассоциациялары Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун этикалык кодексине кол коёт.

ЧОЛПОН-АТА, 7-июн. – Sputnik. Ысык-Көлдө Түрк кеңешинин III саммити башталды. 

Иш-чара Түрк кеңешине мүчө болгон мамлекеттердин туризм боюнча министрлери жана Дүйнөлүк туристтик уюмдун башкы катчысы Рифаи Талебдин катышуусунда өтүүдө.

Дүйнөлүк туристтик уюмдун башкы катчысы Талеб Рифаи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга биринчи жолу Дүйнөлүк туристтик уюмдун башкы катчысы келди
Жолугушуунун алкагында бир катар келишимдерге кол коюлары күтүлүп жатат. Алардын ичинде эң маанилүүсү болуп Кыргызстан туристтик ассоциацияларынын Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун этикалык кодексине кол коюусу болуп эсептелет. Бул Кыргызстандын туристтерди тейлөө сервиси дүйнөлүк стандарттарга жооп берүүгө чакыруучу документ болот.

Ал эми экинчи келишим Кыргызстандын карыздарын кайрадан кароо боюнча келишимге кол коюлат.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк туристтик уюмдун башкы катчысы Рифаи Талеб Кыргызстанга иш сапар менен биринчи жолу келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0