Балдардын майрамынан кийин борбордук аянтты 60 жумушчу тазалады

© Sputnik / Табылды КадырбековТазалык ишканасынын кызматкери таштанды чыгаруу учурунда. Архив
Тазалык ишканасынын кызматкери таштанды чыгаруу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук аянттан жана парктардан 60 метр куб таштанды чыккан. Ошондой эле 6 жүктөгүч автоунаа, 2 суу чачуучу техника тартылган.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленгенден кийин борбордук аянтты тазалоого 60 жумушчу чыкты. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Балдар майрамында Бишкектеги эски аянт оюн-зоок менен бөбөктөрдүн күлкүсүнө бөлөндү - Sputnik Кыргызстан
Балдар менен бийлеген мэр жана шаңга бөлөнгөн шаар
Маалыматка ылайык, борбордук аянттан жана парктардан 60 метр куб таштанды чыккан.

Ошондой эле 6 жүктөгүч автоунаа, 2 суу чачуучу техника тартылган.

Белгилей кетсек, 1-июнь — балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкек мэриясы 25 миң баланы камтыган түрдүү маданий, оюн-зоок программаларын уюштурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0