Путин ЕАЭБге мүчө өлкө башчыларын Москвага чакырды

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн президенттери менен Астанада. Архив
Россия президенти Владимир Путин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн президенттери менен Астанада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кийинки жыйыны декабрь айында Россияда өтмөй болду.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн президенттерин Москва шаарына чакырып, кийинки жыйынды декабрь айында өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу Владимир Путин Астанада өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында билдирди. 

Эскерте кетсек, Астанада Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекет башчыларынын жыйыны өткөрүп, биримдик ичиндеги жана үчүнчү өлкөлөр менен кызматташуунун маанилүү маселелерин талкуулап, тийиштүү чечимдерди кабыл алышты.

"Убакыттан пайдаланып, ЕАЭБге мүчө өлкө президенттерин Москва шаарына чакырам. Декабрь айындагы жыйынды Москва шаарында өткөрүүнү сунуштайм", — деди Путин. 

Буга чейин өлкө башчы Алмазбек Атамбаев аталган биримдиктин келечегине ага мүчө болгон бардык тарап жооптуу экенин жана сабырдуулук, акылмандык менен өз ара кызматташуу керектиги билдирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0