Мэр ысык сууну эмне үчүн жаз эмес, жайында өчүрүүнү сунуштагандыгын түшүндүрдү

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСууну ысытуу. Архив
Сууну ысытуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук муниципалитет ысык сууну өчүрүү убактысын май айынан июлга жылдырууну сунуштап жатат.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Ысык сууну июль айында өчүрүү сунушу жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында келип чыкты. Бул туурасында Бишкек мэри Албек Ибраимов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди. 

Мэр ысык сууну 10-июлдан 10-августка чейин өчүрүү сунушу келерки жылы караларын билдирди. 

Ибраимовдун айтымында, мындай өзгөрүү шаар тургундарына ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында сунушталган.

"Жарандар күн ысык маалда ысык сууга караганда муздак сууну көп керектешет. Челекке суу куюп күнгө койсо, бат эле ысып калат. Бирок бул маселе коомдук талкууга коюлгандан кийин гана чечилет", — деп билдирди Ибраимов. 

Мэр жайында элдин көбү Ысык-Көлгө эс алганы кетип каларын белгилеп, ысык суу өчүрүү мөөнөтүн өзгөртүү май айында бардык мектептер менен бала бакчалар иштеп жаткан маал экени да себеп болгонун айтты. 

Мындан сырткары ысык суу июлда өчө турган болсо мэрия тарабынан оңдоп-түзөө иштерин кыска мөөнөттөбүтүрүүгө аракет жасалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0