Үч өзбек жараны чек арадан мыйзамсыз киргенин иш издегендиги менен түшүндүрдү

Жазылуу
Тиешелүү кагаздар толтурулгандан кийин, Өзбекстан атуулдары Кыргызстандын УКМКсынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында кыргыз чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн өзбекстандык үч жаран кармалды. Бул туурасында Чек ара кызматынан кабарлашты.

Чек ара кызматы окуянын чоо жайын тактай келгенде, алар Кыргызстандын аймагына иштеп, акча табуу үчүн киргендигин айтып беришкен.

Тиешелүү кагаздар толтурулгандан кийин, Өзбекстан атуулдары УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0