Быйыл жайында россиялыктардын көбү Ысык-Көлдө эс алгысы келет

© Фото / Александр ФедоровЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтинг 2016-жылы 1-июндан 31-авгуска чейин алдын ала брондолгон мейманкалардын санына жараша чыгарылган.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Быйыл жайында россиялыктардын көбү Ысык-Көлдө эс алгысы келет. Мындай жыйынтык Travel.ru туристтик сайтынын рейтингинин негизинде аныкталган.

КР элчиси Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун Монголияда жар салды
Рейтинг 2016-жылы 1-июндан 31-августка чейин алдын ала брондолгон мейманканалардын санына жараша чыгарылган.

Россиялыктардын тандоосу боюнча Ысык-Көл биринчи орунда турат. Кыргызстандын бермети болгон көлдө алар орто эсеп менен 10 күн эс алууну пландашкан. Андан кийинки орунду Батуми (Грузия), Боровое (Казакстан), Сухуми (Абхазия) жана Нарочь (Белоруссия) аймактары ээлейт.

Белгилей кетсек, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмунун (UNWTO) рейтингинде Кыргызстан биринчи орунду ээлеп, алдыдагы 10 жылда өтө тездик менен өнүгө турганы белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0