БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Оштун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылында жаңы мечит колдонууга берилди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Мечиттин ачылыш салтанатына Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов, бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын төрагасынын орун басары Саид Бахмис, Кыргызстан ислам университетинин ректору Марс Ибраев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Алай районунун акими Илияз Ташкулов, Ош шаарынын вице-мэри Ильич Эргешовдор катышты.
Абдишүкүр ажы Нарматов жалпы элди жаңы мечиттин бүтүшү менен куттуктады. Мечиттин эл арасында динди жайылтууда жана келечек муунду исламдын баалуулуктары менен тарбиялоодо орду чоң экендигине токтолду. Ошондой эле, ар бир жаран пайгамбарыбыздын (САВ) өрнөктүү өмүр жолунан үлгү алып, руханий жактан өзүн өнүктүрүүсү керектигин белгиледи.