ФИФАнын июнь айындагы рейтингинде Кыргызстан 10 тепкичке төмөндөшү мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековФутболисты сборной Кыргызстана разминаются перед матчем. Архивное фото
Футболисты сборной Кыргызстана разминаются перед матчем. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФАнын апрель айындагы рейтингинде рекорд жаратып, 100-орунга көтөрүлгөн.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. ФИФАнын июнь айындагы рейтингинде Кыргызстан 10 тепкичке төмөндөп, 110- орунду ээлелеши мүмкүн экенин football-rankings.info сайты жазат.

Кыргызстандык балбан Руслан Царев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык балбан Руслан Царев Риодогу олимпиадага жолдомо алды
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФАнын апрель айындагы рейтингинде рекорд жаратып, 100-орунга көтөрүлгөн.

Аталган сайттын буга чейин бир нече жолу туура тыянак жасаган аналитиктери 2-июндагы рейтингде Кыргызстан 29 упай жоготуп, 313 упай менен 110-орунга татыйт дешүүдө.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2018-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк биринчиликтин тандоо турунун алкагында акыркы жолу Тажикстан менен Душанбе шаарында ойноп, 0:1 эсебинде утуп алган.

Улуттук курам 2-июнда Ливан курама командасы менен Бишкек шаарында жолдоштук беттеш өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0