Путин президент Атамбаевди жана кыргыз элин Улуу жеңиш майрамы менен куттуктады

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын президенти өз куттуктоосунда фашизмди жок кылган баатырлардын эрдигин унутпоо керектигин белгилейт.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Улуу Жеңиштин 71 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Владимир Путин өз куттуктоосунда фашизмди жок кылган баатырлардын эрдигин унутпоо керктигин белгилейт. 

"Согуштун кандуу жылдары Россия менен Кыргызстан элинин ортосундагы достукту чыңдап, өнөктөштүктү арттырган. Бүгүнкү күндө да ошол достуктун арты менен эки өлкө ортосунда көптөгөн долбоорлор ишке ашып келет. Биз фашизмди жок кылууга жанын берген баатырларды унутпай, согуш ардагерлерине татыктуу мамиле кылуубуз керек", — деп айтылат куттуктоодо.

Россия президенти Кыргызстанда жашап жаткан согуш ардагерлерине терең ыраачылык билдирип, чың ден соолук каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0