Сууга чөгүп кеткен 6 жашар баланын сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРАламедин дарыясы. Архив
Аламедин дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыкка кабылган бала Аламүдүн суусуна чөгүп кеткен.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. ӨКМ куткаруучулары сууга чөгүп кеткен алты жашар баланын денесин табышты. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди. 

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Дордой-2 айылында жашаган бала үстүбүздөгү жылдын 2-майында Аламүдүн суусуна чөгүп кеткен. Бир саатка созулган куткаруу иштеринин натыйжасында саат 07:30да куткаруучулар тарабынан алты жашар баланын жансыз денеси табылган.

Баланын сөөгү туугандарына өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0