Имамдар үчүн колдонмо китеп жарык көрдү

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүКитеп. Архив
Китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Китеп өлкө аймагындагы ар бир имамга колдонмо курал катары таратылат.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы имамдар үчүн колдонмо "Жума хутбалары" аттуу китеп жарык көрдү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, китепте имам Азам Абу Ханафи мазхабы жана жалпы мусулмандарга күнүмдүк турмушта керек болуучу диний маселелерди камтыган баяндар жазылган. Китеп диний кызматкерлерге жана жалпы окурмандарга сунушталат.

Мечитте баян окуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто даватчыларга бир айлык курс башталды
Китепте кызыктуу окуялар, ажылык, балагатка жетүү шарты, нике маселеси, экстремизм, терроризмдин алдын алуу, жихат түшүнүгү, имамдын ролу, тазалык, акыл-эс, ата-энени урматтоо сыяктуу бир топ тарбиялык жааттагы темалар бар.

Муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов бул китеп КР Коргоо Кеңешинин чечимдерин аткарууда жана Кыргызстандагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу максатында басылып чыкканын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0