Жалал-Абаддагы медициналык колледждин мугалимдери акча "жеген" деп шектелүүдө

Жазылуу
Окуу жайдын жетекчилигине карата кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Жалал-Абаддагы медициналык колледждин мугалимдери студенттерден камкордук фонду үчүн деп акча чогултуп, аны кымырып алышкан. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Операция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Операциядан кийин 15 жашар кыздын ичинен ийненин калдыктары табылды
Окуу жайдын мугалимдери 2015-жылы студенттерден чогулган 351 миң сомду жалган документтерди жасоо аркылуу кымырып алышкан. Мыйзамсыз иштер Жалал-Абад ИИББдин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иштери учурунда билинген.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү коротуу) жана 350-беренеси (документтерди, мөөрлөрдү жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө амалдары улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0