БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Чернобыль алааматынын катышуучуларына кошумча жөлөк пул бөлөт. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Быйыл каргашалуу окуяга 30 жыл болот.
Маалыматка ылайык, жөлөк пул 20 миң сомдон 30 миң сомго чейин болот. Алааматтын катышуучуларына мамлекеттик бюджеттен 46 миллион 81 миң сом бөлүнөт.
Мындан сырткары, министрлик ай сайын миң сомдон жети миңге чейин компенсация төлөп турат.
Трагедия 1986-жылдын 26-апрелинде болгон. Андан Украина, Белоруссия жана Россиянын ири аймактары жабыркаган.