Тендер шартын бузуп, өлкөгө 2 млн. сом зыян келтиргендерге кылмыш иши козголду

Жазылуу
"Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасы" муниципалдык мекемесинин директору бааларга мониторинг жасабастан кошумча келишим түзгөн.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Борбор калаанын Октябрь райондук прокуратурасы "Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасы" (БЖАИ) муниципалдык мекемесинин кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Бишкек мэриясына караштуу БЖАИ "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" мыйзамды бузуу менен 2015-жылы 21-декабрда "ГНА" ЖЧКсы менен келишим түзгөн. Анда атайын мониторинг жана минималдык баа каралган эмес.

Акча берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто муниципалдык ишкананын директору 400 миң сом пара алып жатып кармалды
Ошондой эле аталган муниципалдык мекеме 2015-жылы дизелдик май сатып алуу үчүн 95 миллион 386 миң сомдук жети тендер өткөргөн. Тендердин шартына ылайык, нефтепродуктуларды ташып келүү дагы каралган сумманын ичине киргизилген. Бирок ага карабастан, БЖАИнин директору бааларга мониторинг жасабастан, жеке тарап менен аталган нефтепродуктуларды ташып келүү үчүн 926 миң 730 сомго келишим түзгөн.

Кызмат адамдарынын мындай мыйзамсыз аракеттеринен мамлекетке эки миллион сомдон ашык чыгым келтирилген.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0