Өлкөнүн күчтүү делген "Дордой" командасы менен "Алай" тең чыкты

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутбол тобу. Архив
Футбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бешинчи турдун жыйынтыгы боюнча мурункудай эле "Дордой" клубу 11 упай менен сап башында келе жатса, 10дон упай топтошкон "Алай" менен "Алга" экинчи орунда турта. Ал эми "Алдиер" катары менен беш оюн жеңилип тизменин эң аягынан орун алды.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызстандын күчтүү делген эки клубу — "Дордой" менен "Алганын" беттеши 1:1 эсебинде аяктады. Бул тууралуу КРдин Футбол федарациясы бидирет.

Кыргызстандын алдыңкы командалары Топ-лиганын төртүнчү турунда жеңишке жетти
Өлкөнүн Топ-лигасында жалпысынан жети команда күч сынашып, ар бир турда бир команда эс алат.

Аталган командалар Топ лиганын бешинчи турунун алкагында кезигишти. Кийинки оюнда борбордун "Алга" клубу 5:2 эсебинде "Кара-Балтаны" утса, Канттын "Абдыш-Ата" клубу "Алдиерди" 3:1 эсебинде жеңип алды.

Бешинчи турдун жыйынтыгы боюнча мурункудай эле "Дордой" клубу 11 упай менен сап башында келе жатса, 10дон упай топтошкон "Алай" менен "Алга" экинчи орунда. Ал эми "Алдиер" катары менен беш жолу жеңилип тизменин эң аягынан орун алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0