Дүйшөмбү күнү Бишкекте жаан жайт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКол чатыр. Архив
Кол чатыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, күн 16 градуска чейин жылуу болот.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Эртең борбор калаада жамгыр жаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

"18-апрелде борбор калаада күн 14-16 градуска чейин жылуу болот", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жаан жайт.

Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0