Футзал боюнча Суперлиганын алкагында Оштун SRT командасы мыкты аталды

© пресс-служба УВД Жалал-Абадской областиФутзал боюнча өлкө биринчилиги.
Футзал боюнча өлкө биринчилиги. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-апрелде Жалал-Абад шаарынын "Динамо" спорт ордосунда буга чейинки Суперлига алкагында өткөрүлгөн командалардын беттешүүлөрү жыйынтыкталды.

БИШКЕК, 17-апр.— Sputnik. Футзал боюнча өлкө биринчилигинде Оштун SRT командасы мыкты аталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы кабарлайт. 

Азия MIX командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" КВНдин Жогорку лигасынын жарым финалына чыкты
16-апрелде Жалал-Абад шаарынын "Динамо" спорт ордосунда буга чейинки Суперлига алкагында өткөрүлгөн командалардын беттешүүлөрүнүн жыйынтыгы менен 1-орунду (Ош) SRT командасы ээлеп, өлкөнүн чемпиону аталды. Ал эми 2-орунду (Жалал-Абад) "Динамо", 3-орунду (Бишкек) "Фарвартер" футболдук командалары ээлешти.

КР Футбол федерациясынын президенти Ырыскелди Мусаев, Жалал-Абаддагы күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, ардагер футболчулар жана футбол күйөрмандардын катышуусунда жеңүүчү командаларга кубок медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйлады.

Ошондой эле "мыкты фуболчу", "мыкты коргоочу","мыкты чабуулчу", "мыкты дарбазачылар" аныкталды.

Футзал боюнча өлкө чемпиондугуна командалар "А", "Б", тайпаларына бөлүнүп, күз айынан бери ат салышып келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0